Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.