Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.