• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Жапаров кандай учак менен чет өлкөгө барат? (видео)

4 Бештин айы 202314:13 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бүгүн, 4-ноябрда “Чоң жетишкендиктер мезгили” аттуу басма сөз жыйынын уюштуруп, анда акыркы мезгилдеги агенттиктин негизги жетишкендиктери жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жыйындан соң Манас аба майданын ишмердүүлүгү менен таанышуу жүрдү. Анын ичинде журналисттерге Кыргызстандын президентин ташыган Ту-154 учагына экскурсия уюштурулган.

«Эйр Кей Джи» авиакомпаниясынын сапат боюнча директору Вячаслав Компанеецтин айтымында аталган учак 19 миң сааттай учкан.

«Учактын учурда учуу жөндөмдүүлүгү бар, белгиленген 60 миң сааттык лимиттин 19 миңге жакынын учту. Ал ар кандай алыстык ченемдердеги учууларды жасай алат жана баардык навигациялык жабдуулар менен жабдылган. 2008-жылы Самарада оңдоп-түзөөдөн өткөн. Белгиленген учуу жөндөмдүүлүгү жана жарамдуулугу 35 жыл деп белгиленген», — дейт ал.

Количество просмотров: 111