• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өлкө жетекчилерин ташыган авиакомпания жаңы учак сатып алаары айтылды

25 Жетинин айы 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Өлкө жетекчилиги мындан ары кымбат учактарды ижарага албай, өздөрүн сатып алышат. Өлкөнүн жогорку жетекчилерин ташыган авиакомпания жаңы учак сатып алууну көздөөдө.

Маалыматка ылайык, мындай чечим президенттин, премьер-министрдин, спикердин иш сапарларында колдонулуучу учактар эскирип калганы менен жүйөлөндү.

Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барган. Өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкуу жараткан. Президенттик администрациянын маалымат кызматы Жапаровду ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместигин кабарлаганын айткан.

Количество просмотров: 426