• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин учак алуусу тууралуу депутаттар кандай пикирде?

21 Бештин айы 202215:35 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет элдик сапары үчүн жаңы учак сатып алуу чечимин кабыл алганын кабарлап, менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатканын билдирген.

Султанбаевдин айтымында эки учактын бири тандалып алынат. “Буга чейинки бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы», — деп жазды ал.

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катарга болгон иш сапарына менчик учак менен кеткени талкуу жараткан. Жергиликтүү басылмалар мамлекет башчынын Бишкек-Доха сапары 25-30 миң долларга бааланганын жазышкан. 20-сентябрда президент АКШга учак менен акысыз, сыноо режиминде барып келгени, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап бергени расмий кабарланган.

Количество просмотров: 287