• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент Жапаров Кытайга эмнеге барган жок?

17 Тогуздун айы 2023 17:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кытайдын борборунда өтө турган “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт.

ТИМ кабарлагандай, өлкөдө октябрга маанилүү иш-чараларды өткөрүү белгиленип, мамлекет башчынын жумуш графиги абдан тар болгондуктан Кытайга баруу пландалган эмес.

«КМШга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин болгон саммитинен, ШКУга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин өтчү жыйынынан, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга жасалчу расмий сапарынан улам кыргыз тараптын жогорку деңгээлдеги жолугушуулары пландалган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Форумдун тематикалык иш-чараларына Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков катышууда.

7-18-октябрда Пекинде эл аралык кызматташуу боюнча «Бир алкак, бир жол» форуму өтүүдө.

Количество просмотров: 208