• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун иши кайра каралмай болду

26 Жетинин айы 2018 9:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдайларга байланыштуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
— Бишкек шаардык прокуратурасы менин жазган арызымды карап чыгып, “жаңы жагдай жок” деген Биринчи Май райондук прокуратурасынын токтомун жокко чыгарды. Башкача айтканда, жаңы жагдайлар кайра каралып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн ишти кайра Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырышты. Райондук прокуратура 1-декабрга чейин жаңы жагдай боюнча кароо үчүн ишти райондук сотко жибериши керек,-деди Токтосунов.
Биринчи Май райондук прокуратурасы “Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок” деген чечимин 29-августта кабыл алган. Адвокат буга даттанып, Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган, шаардык прокуратура 26-ноябрга чейин жооп бериши керек болчу.
Шарабидин Токтосунов жаңы жагдай катары Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген негизги төрт күбөнүн видеокайрылуусун белгилеп жатат. Алар бийликтин кысымы менен сотто жалган көрсөтмө бергенин моюнга алышкан.
Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу” менен күнөөлөнүп, 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Ал өзү күнөөсүз экенин айтып келет.
Количество просмотров: 35