• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Президент: «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок

13 Бирдин айы 20269:45 Бишкек Govori.TV

13-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечими тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.

Президент өз маегинде журналисттин, «Коомчулукта «Жапаровдун командасы», «Ташиевдин командасы» деген түшүнүктөр айтылып жүрөт. Бул пикирлерге кандай жооп бересиз?» деген суроосуна төмөнкүдөй жооп узатты.

«Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиевдин алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок».

Количество просмотров: 158