• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Президент жайкы эс алууга тарап жаткан депутаттарга ийгилик каалады

27 Кулжа 201810:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.06.2018.Govori.TV.

Парлменттин бүгүнкү жыйынына катышкан Президент Сооронбай Жээнбеков жайкы эс алууга жана шайлоочулар менен жолугушууга тарап жаткан депутаттарга ийгилик каалады.

«Урматтуу депутаттар, бул жума акыркы отурумуңуздар. Алдыдагы эки ай ичи эс алуу жана жер-жерлердеги шайлоочуларыңыздар менен жолугушууларда болосуздар. Ийгилик каалайм!»,-деди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков бүгүн парламенттин жалпы жыйынына катышып, кайрылуу жасады.

Количество просмотров: 89