Президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьяларын башка жергиликтүү сотторго которуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Сунуш Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тарабынан берилген.
Орун которуштуруунун максаты — кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу.
Толук тизме менен президенттин сайтынан таанышсаңыз болот.