• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Президенттер «Ала-Арчада” этномаданий программа менен таанышты (сүрөттөр)

27 Жетинин айы 20258:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты.

Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.

Количество просмотров: 79