• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн жаңы орун басары дайындалды

12 Бугу 2022 16:33 Бишкек Govori.TV

Мадяров Тимур Мысырович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Количество просмотров: 880