2025-жылдын 1-августунда, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандалык иш аракеттер аныкталып жана бөгөт коюлду. Товарларды мыйзамсыз алып өтүү мамлекеттик чек аранын кайтарылбаган тилкелери аркылуу жүргүзүлүп, бул чек ара режимин жана бажы көзөмөлү мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Алдын ала маалымат боюнча, жеке адамдар тобу Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймагындагы өткөрүү пункттарын жана бажы жол-жоболорун аткарбай айланып өтүп, эл керектөөчү товарларды ташууга аракет кылышкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү адамдар кармалып, Кыргыз Республикасынын жарандары 1994-жылы туулган Т.А.Т., 1985-жылы туулган К.З.К. жана 1999-жылы туулган Б.А.Р. аттуу схемага катышкан жарандардан 15 миллион сомдон ашык суммадагы унаалар жана материалдык байлыктар алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, мыйзамсыз схеманын бардык катышуучулары аныкталууда