• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду

23 Чын куран 202011:46 Бишкек Govori.TV

Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан бошотулду. Ал былтыр июль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту физика, информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнөн билим алган.

Количество просмотров: 149