• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери иштен бошотулду

5 Баш оона 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлигинде оорукананын айланасында болгон чырга байланыштуу атайын комиссия  ишинин жыйынтыгы менен оорукананын жетекчиси иштен четтетилди. Учурда башкы дарыгердин милдеттерин орун басары аткарлоодо», — деди Акматова.

Буга чейин аталган ооруканада иштеген дарыгер Дөөлөтбек Ибраимов видео кайрылуу жасаган. Анда башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда “ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда” деп билдирген. Мындан сырткары, жеке коргонуу каражаттарын туура бөлүштүрбөй, айрым буюмдарды бербей жатканына нааразы болгон.

Количество просмотров: 228