• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү 2 айга камалды

27 Жетинин айы 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, 24-ноябрда кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев октябрда өткөн парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 млн сом талап кылган. Ал кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык делген мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан алам деп опузалаганы айтылат.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Дыйканбаев Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Республика» партиясынан депутат болгон. 2018-жылы ал президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалган.

Количество просмотров: 54