Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкканы белгилүү болду.
Дыйканбаевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 1-апрелде караган. Чечимге ылайык, ал үй камагында 24-майга чейин болот.
Курманбек Дыйканбаевди УКМК былтыр 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган.
УКМК Дыйканбаевди 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган» деп шек саноодо.
Атайын кызмат Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен жүрүп жатканын билдирген.