• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Профсоюздун мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынат

27 Жетинин айы 2023 13:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун санаториялык-курорттук чыңдоону уюштурууну өркүндөтүү, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– 2027-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесинин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун (мындан ары – Фонд) каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилет;

– Фондго түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

2. «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесине 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин бардык объекттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

– «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмеси менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын убактылуу пайдалануусуна өтүүчү санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин тизмесин аныктасын;

– 2023-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана иштеп жаткан санаториялык-курорттук жана туристтик объекттерди заманбап талаптагыдай түргө келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) белгиленген тартипте 2028-жылдын 1-январынан тартып Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органын аныктасын;

2) Фонддун каражаттарынын эсебинен жолдомолорду натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыксын;

3) үч айлык мөөнөттө эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, анын ичинде санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин инфраструктурасын жакшыртууну караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.

Количество просмотров: 84