• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштады

1 Баш оона 2022 14:53 Бишкек Govori.TV

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Бишкектеги № 1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту («өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакта, тергөө башталды.

«Ал эми Бишкектин № 1 тергөө абагынын (№ 21 мекеме) жетекчилиги боюнча иш атайын прокуратурага каттоого алынды. Азыр иликтөө башталды, бүткөндөн кийин жетекчиликке юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, УКМКнын баганда олтурган Чыңгыз Жумагуловду 30-июлда чогу олтурган камералашы тарабынан киши колдуу болгон. Шектүү күнөөсүн мойнуна алганын, жана ал Жумагуловду жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн айтып бергени тууралуу ЖАМК маалымат берген.

Количество просмотров: 106