• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

13 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсык. Орунбеков иш министрдин көзөмөлүндө экенин айтты

21 Тогуздун айы 202516:51 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борборунда жакында эле болгон автокырсыктан көз жумган өспүрүмдүн энеси президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, ишти адилеттүү тергөө жүргүзүлүшүн суранды.

Анын кайрылуусунан соң президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармакка билдирүү жазып, ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт жана болушу да мүмкүн эместигин айтты.

«Коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда 13 жаштагы Тимурдун өмүрүн алган трагедиялуу окуя кызуу талкууланып жатканын окуп жатам. Маркумдун апасына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптеринин чегинде гана иш алып барышат.
Ички Иштер министрлиги бул окуя боюнча иш алып барууда, министр өз көзөмөлүнө алган. Өлүм менен коштолгон бардык кырсыктар тийешелүү органдардын жетекчилеринин көзөмөлүндө болот.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси — «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» — боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары жашы жете элек айдоочу кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда жашы жете электердин түзөтүү колониясына камакка алынган.
Биз коомчулукту тергөөгө ишенүүгө жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Кырсыктын бардык жагдайлары кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деп жазат ал.

Жол кырсыгы 18-октябрда болжол менен саат 21:00 чамасында болгон. Абдрахманов көчөсү менен бара жаткан «Лексус RX 330» унаасы Бөкөнбаев көчөсүнө бурулуп жатып, карама-каршы багытта келе жаткан «Тойота Камри» менен кагылышкан. Катуу соккудан кийин «Тойота» тротуарга чыгып кетип, 4 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Мунун кесепетинен 13 жаштагы бала окуя болгон жерде каза болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кырсык учурунда «Тойотаны» 2007-жылы туулган А.А. башкарып бара жаткан. Ал Чүйдүн Вознесеновка айылындагы №14 өспүрүмдөр кармалуучу абакка бир айга камалды.

Количество просмотров: 124