• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Прокуратура: Сүлүктүдө 2 миллион сомдон ашык каражат кымырылганы аныкталды

23 Бугу 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү шаардык ИИБ кызматкерлери 2 миллион сомдон ашык суммадагы мамлекеттик каражатты кымырып келген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сүлүктү ШИИБнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду жана ШИИБнин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды.

«Жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндык жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түзгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 156