• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүлүктүдөгү мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

12 Аяк оона 202517:45 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан завод 2000-жылы Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра каттоодон өткөн.

Количество просмотров: 140