• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Прокуратура Текебаев менен Чотоновго карата айыптоону колдоодон баш тартты

13 Чын куран 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланат.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Кыргыз Республикасынын мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичке карата жазык иш каралууда.

Аларга карата коррупция фактысы боюнча, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” ЖАКун башкарууга киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган. Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдорго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Количество просмотров: 108