11-майда Аскердик прокуратура тарабынан ӨКМдин No86123 аскер бөлүгүнүн кызматкери тарабынан аскерге чакырылгандарга карата күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Буга ошол эле күнү пайда болгон, зомбулуктун белгилерин көрсөткөн видео негиз болгон. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту “Аскер кызматчыларынын ортосундагы мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына тапшырылды.
Тергөө иш-чараларынын алкагында зомбулукка кабылган аскер кызматкерлери прокуратурага жеткирилип, алардын катышуусунда сурак жана башка процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мекеме тергөөнүн жыйынтыгында күнөөлүү тараптардын аракеттерине юридикалык баа берүүнү убадалады.
Буга чейин социалдык тармактардын кыргыз сегментинде Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде тартылган видео тараган. Кадрларда аскерлер төө куш деп аталган позада – баштарын жерге ылдый түшүрүп, колдорун артка алып турганын көрсө болот, баардыгы мазактоо менен коштолуп, коомчулукта нааразылык жаратканын көрүүгө болот.