• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

2 Жетинин айы 202316:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо уланды.

Мамлекеттик айыптоочу Ашыралиевдин кылмыш жасаганы толук далилденгенин билдирип, судьядан айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

Мындан сырткары прокурор жабырлануучу тарапка 4,6 млн сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүндү.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 826