• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рахмон терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

10 Үчтүн айы 2022 15:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы кайгылуу окуялар ЖККУга мүчө бардык мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге, диний радикализмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүн күчөтүү зарылдыгын тастыктайт. Бул тууралуу бүгүн ЖККУнун кезексиз сессиясында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.

«Террористтердин мекени, дини, улуту жок. Аларды кайсы жерде болбосун жок кылуу керек. Ислам радикализминин жана экстремизминин идеясы биздин өлкөдө жайылууда жана бардык мамлекеттерибизге коркунуч туудурат. Көпчүлүгү Сирияда согушкерлер тарабында согушуп жүрөт. Алардын канчасы мекенине кайтты. Биз чек араларды гана эмес, маалыматтык мейкиндикти да коргошубуз керек, экстремизмге жана терроризмге тиешеси бар адамдардын ЖККУ өлкөлөрүнө кирүү каналдарын кесишибиз керек. Ошондой эле жарандарыбыздын чет өлкөгө дин таануу үчүн чыгып кетишин көзөмөлгө алуу зарыл. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы кырдаал күн сайын курчуп баратат. Биздин чек арада талиптердин өздөрүнүн ортосунда салгылашуулар болуп жатат. Бул кооптуу. Чек араларды бекемдөө маселесин тез арада чечишибиз керек», — деди ал.

Количество просмотров: 507