• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту

13 Жалган куран 202512:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту.

Бишкекте «Ынтымак ордодо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын жолугушуусу өттү.

Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • суу-энергетикалык инфраструктура жөнүндө макулдашуу;
  • автотранспорт инфраструктурасы боюнча макулдашуу.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.

Ал эми 27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, ага Кыргызстан — Тажикстан мамлекеттик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуунун долбоору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан депутаттардын талкуусуна сунушталган. Мында УКМК төрагасы чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын жана мурдагы эки ача пикирлер боюнча бир пикирге келишкенин билдирген. Парламенттин комитетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик чек ара келишимин талкуусуз эле жактырышкан.

Количество просмотров: 161