• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

КСДПчы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин профсоюз талап кылууда

14 Бугу 2018 17:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.05.2018. Govori.TV
Профсоюздар федерациясынын алдында төрага Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган митинг өтүп жатат. Нааразылык акциясына “Жалал-Абад” жана “Ысык-Ата” курортторунун кызматкерлери жана эс алуучулары келип катышуда.
Алар Асанакуновдун Атамбаевдин учурунда кызматка мыйзамсыз келгенин, жеке кызыкчылыктарын үстөмдүк кылып, өз кишилерин курортторго коюп, жеке маселелерин рейдердик жол менен чечип жатканын айтышып, тез арада анын бошотулушун талап кылышууда.
Мирбек Асанакунов буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеген. 2016-жылы КСДП партиясынан Кыргызстандын профсоюздар федерациясына төрага болуп келген. Былтыр “Жалал-Абад” курортунун мурунку башчысы Максат Абышкаевди кызматынан алып, ордуна Эркебай Маткеримовду дайындай коюп, жамаатта ызы-чуу чыккан. Аны Асанакунов 150 чакты спорт адамдары менен барып басканы интернетте тараган.
Белгилей кетсек, Мирбек Асанакунов КСДП мүчөсү, жубайы КСДП фракциясынан парламентте депутат. Коомчулукта Асанакуновдор экс-президент Алмаз Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын жакын ымалалаштары деген сөз бар.
Количество просмотров: 17