• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков: «Текебаевди онлайнга тартуу ага болгон кысым»

31 Үчтүн айы 2018 11:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.  2018. Govori.TV

Текебаевди онлайнга тартуу ага болгон кысым. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясий ишмер Равшан Жээнбеков «Жалбырак ТВ» каналына берген маегинде билдирди.

«Эгерде Текебаев абактагы камерасына видеокөзөмөл коюууга  коопсуздук маселесине байланыштуу  макулдук берген болсо, анда аны туура деп айтууга болот. Ал эми Текебаевдин макулдугусуз түрмөлөрдү кайтаруу жетекчилиги өздөрү орнотуп коюшса, анда  биринчи кезекте адамдын укугун бузуу болуп саналат. Анткени ар бир адам өзү жашаган имараттын ичинди эркин жана эч кимдин аңдуусу жок жүрүүгө толугу менен укутуу.  Ал эми ошол коюлган видеону бир элн ГСИН көрүп жатат деп айтууга ким кепилдик бере алат. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Анткени ошол эле видеону анын душмандары же биздин атайын кызматтар, хаккерлер  алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселе өзүнүн гана каалоосу  жана чечими менен чечиле турган маселе болуп эсептелет»-дейт Жээнбеков.

Количество просмотров: 13