• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Раззаков шаарында жаңы мал базар курулат

12 Аяк оона 202310:16 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Раззаков шаарында жаңы мал базар куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти жарыялаган.

Тендердин суммасы 11 млн 80 миң 148 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды 26-сентябрга чейин берүү зарыл.

Тендерде жерди тегиздөө, тосмо куруу, скважиналарды бургулоо, электр чубалгыларын тартуу, кирүү үчүн жол салуу сыяктуу иштер камтылган.

Количество просмотров: 86