• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Реформа кылам» деген министр Бейшеналиев медицинаны сазга батырабы?

5 Бирдин айы 2022 21:23 Бишкек Govori.TV

Октябрь окуяларынан кийин Саламаттык сактоо министри болгон Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктагы бир топ сынга карабай, «реформа кылам» деген жүйө менен медицина тармагын сазга батырганы калды. Ага мисал, 500 орунга ылайыкталган Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык тез жардам ооруканасына айландыруу чечими болду.

Дарыгерлер борборду Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы катары кайра түзүүгө каршы чыгып, министрдин мындай кадамын ачык сындап жатат.

Травматология борборун ушул кезге чейин жетектеп келген Сабырбек Жумабеков соңку жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, кайра түзүүгө каршы экенин айтты. Ал борбор жабылып кала турган болсо, кыргыз медицина илимине чоң сокку болорун белгилейт. 

Академик Сабырбек Жумабековду кызматтан алуу чечими социалдык тармактарда нааразы пикирлерди жаратты. Ал эми аталган ооруканадагы бейтаптар өз ишин мыкты билген адисти кызматтан алуу «адилетсиз» деп эсептешет.

Белгилей кетсек, калаадагы травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору шаардык мэрия, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2004-жылы негизделген. Ал Юстиция министрлиги бекиткен уставга ылайык, жетекчини мэр дайындайт. 

Ошол эле учурда травматология борборунун жамааты министр Бейшеналиев дайындаган жаңы жетекчиликти кабыл албай койду.

Бейшеналиевдин чечиминен кийин жүздөгөн жаран саламаттык сактоо министрлигин имаратынын алдына митингге чыкты. Чогулгандар министрден медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин реформасына каршы митинг биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчисин алмаштырууда дагы жамааттагы айрым кызматкерлер менен пикир келишпестиктер орун алган. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында өкмөт үйүнүн жанында митинг өткөн. Алар Улуттук онкология жана гематология борборунуна караштуу Маммология борборунун жабылышына каршы болушууда.

Алымкадыр Бейшеналиевдин буга чейинки жоруктары талкууга жем таштап, кескин сындалган. Ал коронавируска каршы уу коргошунду түз эфирде кайнатып ичип “аконит министр”, атка конгон эле. Кезинде 6-чакырылыштын депутаттары аны кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыгышкан.

Бүгүнкү күндө коомдо министрдин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жоюп, жана анын жетекчиси Сабыр Жумабековду иштен алуу тууралуу чечими көпчүлүктун көңүл чордонунда болуп, министр оюндагысын кылуу менен каалаган саламаттык сактоо мекемесин жоё береби? деген суроолор үстөмдүк кылууда…

Количество просмотров: 897