• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Министр Бейшеналиев: Дубайдагы батирди таап беришсе ошолорго белек кылам…

3 Чын куран 2024 15:02 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттар тарабынан өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди. 

«Дубайдагы батирди таап беришсе ошолорго белек кылам. Жубайымдын 1997-жылкы Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаасы бар. Кичүү уулум менин Honda CR-V деген машинамды айдайт. Өзүм кызматтык унааны колдоном. Улуу балам менен кызым ишкерлик менен алектенишет», — деди Бейшеналиев.

Бүгүн депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламент жыйынында Саламаттык сактоо министри кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын, коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп мыйзамсыз байыганын айткан.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Буга чейинки жыйында дагы Коргонбай уулу министрди сындап чыккан, андан соң ал депутатты сотко берген.

Количество просмотров: 183