Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген “Регион” телеканалынын директору алмашты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
“Регион” телеканалы юстиция министрлигинен 30-апрелде кайра каттоодон өтүп, дареги да Жалал-Абад эмес, Бишкек шаары деп өзгөртүлгөн.
Өткүрбек Рахманов директорлуктан бошотулуп, ордуна Замирбек Аманбаев келген. Өткүрбек Рахманов директордун орун басары болгон.
Мурда “АРТВ” жоопкерчилиги чектелген коом, Эрали Маматов кожоюн катары белгиленсе, «Регион» телканалынын азыркы азыркы кожоюну катары Жыргалбек Токторов көрсөтүлгөн.
“Регион” телеканалы көбүнчө Камчыбек Ташиевди жактаган материалдарды арбын чагылдырып келет.