• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин директору алмашты

18 Чын куран 202517:23 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сатывалдиев Асылбек Владимирович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин дагы бир кол койгон тескемеге ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Зарнаев Эрнисбек Жакшылыкович
дайындалды.

Количество просмотров: 383