• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

23 Бирдин айы 202616:19 Бишкек Govori.TV

 №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1969-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринин башчысына карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучунун билдиргендей, 2025-жылдын декабрь айында «Алдамчылык» боюнча соттолгон адамды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер андан 30 миң доллар акча алган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы 1984-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0709 843 307 же «102» номуруна кайрылууга чакырат.

Количество просмотров: 343