Элдин бүйүрүн кызыткан эки боксчу кайра беттеше турганы расмий жарыяланды.
Беттеш Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында 2025-жылдын 22-февралында болмокчу. Бул тууралуу Сауд Арабиянын көңүл ачуу боюнча башкы башкармалыгынын төрагасы Турки Аль аш-шейх билдирген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында турнирдин эң башкы мушташы болгон Бивол — Бетербиев беттеши өтүп, абсолюттук чемпион наамы үчүн мушташта 12 раунддан кийин Бетербиев калыстардын чечими менен жеңишке ээ болгон.