Рим папасы Франциск 14-сентябрда Казактанда өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессине катышты.
Анда Кыргызстандагы католиктер чиркөөсүнүн өкүлдөрү Рим папасы Францискке калпак кийгизишкен.
Белгилей кетсек, Рим понтифиги Франциск Казакстандын борборуна мамлекеттик сапар менен барган. Сыйлуу конокту Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.