Бүгүн, 8-майда Ватикандын Сикстин капелласына чогулган 133 кардинал жаңы Папаны шайлашты. Муну Сикстин капелласынын чатырындагы түтүктөн чыккан ак түтүн көрсөтүп турат.
Ошол эле учурда Сикстин капелласынын коңгуроолору Кагыла баштады. Рим-католик чиркөөсүнүн кардиналдары жаңы папасын 4-турда шайлашты.
Жакында жаңы понтифик Ыйык Петр базиликасынын Борбордук терезесине чыгат деп күтүлүүдө.