• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Россия Кыргызстанга ун, май түрүндө жардам көрсөттү

21 Чын куран 202221:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу иш чарасы өттү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкаылайык, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.

Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 120