• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россия рубли арзандаса, анын артынан сомдун наркы да түшүшү мүмкүн

10 Баш оона 2018 11:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  10.08.2018. Govori.TV
Экономист Төлөнбек Абдыров рубль арзандап жатканына байланыштуу “Эгерде рубль наркы арзандаса, кыргыз сомунун наркы да төмөндөй баштайт”- деп билдирди.
Учурда Россия фондунун рыногу жана рубль кулап жатканынын себеби: АКШ нын РФ ке кошумча катуу тартип киргизгени менен шартталууда. Ал эми доллардын наркы 2016-жылдан тарта рубл наркынын көрсөткүчүнөн кыйла жогорулаганга жетишкен.
Эконимика илимдеринин доктору: Төлөнбек Абдыров “экономика толкуну же болбосо башка өлкөлөрдүн валюта курсунун төмөндөп-жогорулашы, Кыргызстанга да таасир берет. Республикадагы өзгөрүлүп турган акча наркы ар кандай таасирлердин алдында болот. Көбүнчө рубль наркынын таасиринен мигранттарда көптөгөн маселе жаралышы ыктымал”-дейт .
«Мигранттар 5 ай ичинде Кыргызстанга 972,3 миллион $ которушкан. «Бул маселе орусияда иштеп жаткан мигранттар үчүн көйгөй туудурат. Анткени наркы түшкөн рублдын сомго болгон баасы өзгөрөт. Кыргызстанга которуп жаткан рублдин мурункудай баасы болбой калат. Мындай көрүнүш өлкөгө каражат түшүүдө терс таасирин тийгизет» -деп баса белгиледи Толонбек Абдыров.
Мындан улам экономист жарандарга дароо эле дүрбөлөңгө түшүп акча алмаштыруунун кажети жок экенин айтат. «Канткенде да бул убактылуу жана мезгилдик башаламандык. Жай айы аяктаган соң, өндүрүштөр иштеп, бардык кыймылдар өз нормасына кайта баштайт. Эч кандай түйшөлүүнүн кажети жок» — дейт экономист.

 

Количество просмотров: 26