• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Россияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз абактан табылды

16 Үчтүн айы 2020 18:51 Бишкек Govori.TV

Россияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз убактылуу кармоочу жайдан (СИЗО) табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын декабрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Чүй облусунун 50 жаштагы Н.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал дайынсыз жоголгон 21 жаштагы кызын издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган.

Кайрылган аялдын айтымында, кызы акыркы жолу 2019-жылдын декабрь айынын ортосунда байланышка чыккан. Ошондон кийин белгисиз себеп менен дайыны чыкпай калган. Мындан тышкары дайынсыз делген кыздын туугандары анын жүргөн жерин тактоого жардам сурап кайрылышкан.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү полиция менен бирге издөө иш-чараларын жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө изделип жаткан кыз кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганы белгилүү болду. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 2-бөлүгүндө (уурдоо) көрсөтүлгөн кылмышка шектелип жатат. Учурда кыздын туугандарына бул факт тууралуу маалымат берилип, юридикалык консультация жүргүзүлдү.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 71