• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Россияда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны 28ге жетти

12 Жалган куран 2020 11:50 Бишкек Govori.TV

Россияда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны 28ге жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча ыкчам штабга шилтеме берип, жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, акыркы сутканын ичинде Россияда коронавирус менен ооруган жаңы сегиз учур катталган. Анын ичинен алтоо Москвада, экөө Москва облусунда. Баардыгы акыркы эки жуманын ичинде Италиядан келгендер.

ТАСС жазып чыккандай, бардык ооругандар атайын инфекциялык бокстордо кармалууда. Андан тышкары, инфекция жуктургандар ким менен жакын мамиледе болсо, ал адамдардын бардыгы текшерүүдөн өтүшүүдө.

Количество просмотров: 6113