• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россиядан Кыргызстанга которулган акча көбөйдү

8 Тогуздун айы 20249:27 Бишкек Govori.TV


2024-жылдын январынан июль айына чейин Орусиядан Кыргызстанга 1 миллиард 552,3 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Россиядан акча которуулар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90,2 миллион долларга көбөйгөн.

Ал эми Кыргызстандан Россияга ушул аралыкта 236,3 миллион доллар которулган. Бул сумма 2023-жылдын январынан июлуна чейинки көрсөткүчтөн 26,5 миллион долларга аз.

Количество просмотров: 255