Бишкек.27.12.2018.Govori.TV
Роза Шакирова кыргыз эстрадасында кублужуган керемет үнү менен айырмаланып турган ырчы. Ал 1978-жылы Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында төрөлгөн. Кыргыз Улуттук консерваториясынын опера бөлүмүн аяктаган.
Ырчы айым күйөрмандарын манилүү жана маңыздуу чыгармалар менен сугарып тургусу келет. Ал аткара турган ырларын көйнөк тандагандай эле тандай турганын айтат.
Шакирова быйылкы жаңы жылдык “Көгүлтүр отко” тилекке каршы тартылбай калганын жана ал үчүн эч капа болбостон чыгармачылыгын уланта турганын айтып кеп курду. Ырчы айым үчүн элдин жүрөгүн түнөк табуу барынан маанилүү..