• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Роза Шакирова жаңы жылдык көгүлтүр отто ырдабайт

21 Бештин айы 201814:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV

1.Назира Айтбекова менен Нурмат Садыров экөө биригип элди бир күлкүгө салып, жылмаю тартуулайын деп жатышат. Алар кемпир чалдын образында..

2.Ырчы Кайрат Примбердиев жубайы Элмира кош бойлуу экенин далилдеген сүрөтүн коомчулукка жарыялады. Жаш жубайлар ушуну менен экинчи наристесин күтүшүүдө. Буга чейин, түгөйлөр 2013-жылы Ариет аттуу уулдуу болушкан.  

 3.Улуттук каналдын быйылкы жаңы жылдык көгүлтүр отуна ырчы Роза Шакирова катышпайт. Аны катышуучулардын тизмесинен чийип салышкан. Бул тууралуу ал өзү жеке баракчасы аркылуу билдирди. “Быйылкы «Көгүлтүр от»  кечесине мени тизмеден Улуттук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков чийип салыптыр. Себеби эмне экенин түшүнгөн жокмун. Кат жазып кайрылгандан да уялып калдым. Мен ырдай албайт окшойм. Бүгүн Канат Култаевден уктум»-деп жазылат билдирүүдө.

 

Количество просмотров: 89