Бишкекте өрт өчүрүү учурунда куткаруучу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Тыналиев көчөсүндө жалпы аянты 15 чарчы метр эки кабаттуу кеңсе түрүндө курулган имараттын, жыгач устундуу темир менен жабылган экинчи кабатындагы кампа бөлмөсүнүн гипсокартон тагылган шыбы күйгөн.
Өрт өчүрүү учурунда 28 жаштагы О.А. аттуу куткаруучу оң колунун манжасын тилдирип алган жана тез жардам өткөрүп берилген.
Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.