• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Рублдин куну түшүп жатат

11 Баш оона 202317:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда орус рублинин куну төмөндөп кеткени байкалууда.

11-августка карата Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 орус рубли 88 тыйындан сатылып, 90 тыйынга сатып алынууда.

Бул жагдай коомчулук тарабынан бир катар талкууларга алынып, тийиштүү органдар ыкчам чара көрүүлөрү керек деген пикирлерин айтышууда.

Орусия менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу орус акчасы төмөндөп ал эми доллар жана евронун өсүүсү буга чейин да бир катар талкууларды жараткан.

Ал эми учурда доллар 87,94 сатып алуу, 88,32 сом сатуу деп бааланган.

Количество просмотров: 132