• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Рублдин наркы түштү

9 Жалган куран 202016:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коммерциялык банктарда долларга болгон талап күчөп, орус рублинин куну төмөндөп кетти.

Буга мунайдын дүйнөлүк баасынын ылдыйлашы Россиянын аталган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн азайтуудан баш тартпаганы себеп болгон.

9-мартка карата Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 орус рубли 93 тыйындан сатылып, 96 тыйынга сатып алынууда.

Бул эки күн мурдагыга караганда 10 тыйынга төмөн. Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында 1 орус рубли 1 сом 03 тыйын деп белгиленген.

Улуттук банктан билдиришкендей, банкта эл аралык резервдердин запасы жетиштүү. 2020-жылдын 6-мартына ылайык эл аралык резервдердин көлөмү 2 млрд 400,15 млн долларды түзүп, ал өлкөнүн товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 4,9 айлык импортун камсыздоого жетет.

Количество просмотров: 217