• Жума 9 Кулжа 2023
  • Пятница 9 Июнь 2023

Рыскелди Момбеков: “Сотторду шайласак ит болобуз, шайлабасак хит болобуз…”

23 мая 2018 в 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

“Жогорку Соттун судьялыгына сунушталып келген бул талапкерлерди бүгүн шайласак ит болобуз, шайлабасак хит болобуз”. Бул сөздү ЖКдагы жыйын учурунда депутат Рыскелди Момбеков айтты. Анын айтымында, сот реформасын ишке ашырууда парламент да жоопкерчиликти өзүн алып, сотторду шайлоону ачык-айкын жүргүзүшү керек.

“Бүгүн, сот реформасы дейбиз. “Ре” дегени калып калды да, бул соттордун “форма” дегени эле, сырткы өң-түсү эле өзгөрүп жатат. Коомчулук, журналисттер бүгүн кайсы сот кайда бара жатканын артында кандай кыңыр иштери бар экенин жакшы билет. Ошондуктан, ар бирин талкууга алып, ачыктык менен шайлайлы”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Жогорку соттун судьялыгына Кыдык Жунушбаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Айдарбек  Алымкуловдордун талапкерлиги парламентке жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 10