Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов атаандашы Роман Власовду жеңип алды.
Кыргызстандык Махмудов 77 кг салмак менен намыс талашты.
Бүгүн Алматы шаарында күчтүү балбандар — кыргызстандык Акжол Махмудов менен россиялык Роман Власов беттешти.
Белгилей кетсек, беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтүп жатат.
Акжол Махмудов- дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.
Роман Власов — Олимпиада чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону.